12-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталды
Бишкекте Казакстандын кинолору көрсөтүлөт
01.08.2022 | 09:00
Бишкекте 5-6-августта Казакстандын кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.
Кино күндөрү “Ала-Тоо” кинотеатрында өткөрүлүп, анын алкагында кино сүйүүчүлөрдүн назарына Болат Калымбетовдун «Мукагали» жана Айжан Касымбектин “От” аттуу тасмалары коюлат. «Мукагали» тасмасын 5-августта саат 18:00дө, “От” тасмасын 6-августта саат 17:00дө көрүүгө болот.
Тасмалар “Ала-Тоо” кинотеатрынын кичи залында көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом