Бишкекте көчөдө бир аялды, бир эркек жерге жаткызып алып тепкиледи (ВИДЕО)

Бишкекте көчөдө бир аялды, бир эркек жерге жаткызып алып тепкиледи (ВИДЕО)

Үрөй учурган окуя Бишкектин Ахунбаев, Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде 30-январь күнү кечинде болгону социалдык тармактарда айтылууда. Тараган видеого караганда элдердин көзүнчө бир аялды эркек киши жаткызып алып тепкиледи. Аял  жатып калган жеринен турууга аракет кылып келе жатканда эркек киши ээкке тебет, натыйжада аял жерге талп кулайт.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, аял милицияга арыз жазуудан баш тарткан.

Бишкек милициясы  көчөдө токмоктолгон келиндин окуясын териштирип жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы көчөлөрдүн биринде күйөөсү токмоктоп жаткан келин тууралуу 30-январда түнкү саат 11лер чамасында кайрылуу түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барган учурда келин жолдошуна дооматы жок экенин айтып, ага каршы арыз жазуудан баш тарткан. Учурда милиция бул окуяны териштирип, иликтөө уланып жатканын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>