Бишкекте композитор Жылдыз Малдыбаеванын эстелиги орнотулду

Бишкекте композитор Жылдыз Малдыбаеванын эстелиги орнотулду

11-июнда «Ала -Арча» көрүстөнүндө Кыргызстандын эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаеванын эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев баштаган бир катар өнөр адамдары катышкан.

«Кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор, Кыргызстандын эл артисти, «Даңк» медалынын ээси жана Кыргызстандын элге билим берүүнүн отличниги Жылдыз Малдыбаева 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты», — деп билдирет министрлик.

Жылдыз Малдыбаева 1946-жылы 6-июлда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Фрунзедеги П. Шубин атындагы музыкалык мектепти жана М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (И. Арабаев атындагы университет) иштеген.

Институттун алдында «Мурас» вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончулардын, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан. Кыргыздын элдик музыкасынын өзөгүндө чыгармачылыгы калыптанган, лирикалык маанайдагы композитордун изденүүлөрү Кара Караевге арналган үч бөлүмдөн турган симфониясы, «Али баба жана кырк каракчы» балеттик сюитасында таасын көрүнөт.

«Биздин мезгил», «Арноо», «Манас келди», «Рахмат турмуш», «Бишкек», «Ысык-Көл» жана башка лирикалык, патриоттук ырлары угуучулардын сүйүктүү чыгармаларынан. Ондогон камералык-аспаптык чыгармаларынан фортепьяно үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү сонатасы, токкатасы, он миниатюрасы жана виолончель, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармалары да угуучуларга белгилүү. «Күнөстүү арал» көркөм фильмине, «Июлда үч күн», «Менин шаарым жөнүндө повесть», «Төрт сүрөт», «Оюмдагы жомок» даректүү жана балдар фильмдерине да музыка жазган. 1985-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин 12-фестивалында диплом менен сыйланган. Софияда, Прагада, Бухарестте, Түркияда, Россияда чыгармалары угуучуларга тартууланган. «Ырлар», «Фортепьяно үчүн пьесалар» жыйнактары, камералык оркестр үчүн сюитасы жана башка чыгармалары бар.

Ал СССРдин эл артисти , Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>