Ысык-Көл: Туристтик сезондо милиция менен элдик кошуун тартипти карайт

Ысык-Көл: Туристтик сезондо милиция менен элдик кошуун тартипти карайт

Быйылкы туристтик сезондо коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында ИИМ тарабынан иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, милиция туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иш алып бармакчы.

«Коомдук тартипти камсыздоого тартылган милиция кызматкерлеринин саны ыкчам кырдаалдын өзгөрүшүнө жана туристтердин келишине жараша көбөйүшү мүмкүн. Милициянын ишине көмөк көрсөтүү максатында коомдук бирикмелер 1000ге жакын ыктыярдуу элдик кошуун тартылат.

Ысык-Көл районунда Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратында жайкы туристтик сезон мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана берилген күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо жана бөлүштүрүү боюнча убактылуу штаб түзүлүп, туруктуу иштөөчү тергөө-ыкчам топтору түзүлгөн. Укук тартипти сактоого ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун милиционерлери тартылат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Ысык-Көлдө эс алуу үйлөрүн, туристтик базаларды, балдардын эс алуу борборлорун кошкондо 700гө жакын курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекеме иштейт.

«Коомдук тартипти жана коопсуздукту талаптагыдай камсыз кылуу максатында комплекстүү ыкчам-алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Туристтик сезондун алдында милиция кызматкерлери мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте туристтик маршруттарды, курорттук ден-соолукту чыңдоочу мекемелерди текшеришип, аларда видеобайкоо жүргүзүүгө жана аймакты жарыктандырууга техникалык жактан бекемделишине, түнкү убакта курорттук зонанын калктуу конуштарын жарыктандырууга, мамлекеттик маанидеги унаа жолдордогу маалыматтык тутумдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Анализди эске алуу менен кайгуул посттордун жана каттамдардын жайгашуусу аныкталып, ыкчам жана алдын алуу иш-чаралары пландаштырылган», — деп билдирет ИИМ.

Туристтик сезондо Бишкек, Чолпон-Ата, Ош шаарларында туристтик милиция иштейт.

«Алар коопсуздукту камсыз кылуу, пайда болгон маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү, туристтерге кеңеш берүү жана маалымат берүү менен алектенет.

Ошондой эле, Боом капчыгайында жана Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда күнү-түнү посттор уюштурулуп, тез жардам кызматы жана ӨКМдин куткаруучулары кызмат өтөшүп, зарыл болгон учурда тез арада чыгып, медициналык жардам көрсөтүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, «Кордай — Бишкек», «Манас» аэропорту — Бишкек» , «Бишкек — Түндүк айланма жол», «Бишкек — Балыкчы — Каракол» (Түндүк жана Түштүк) унаа жолдору боюнча ИИМдин ЖКККББнын көчмө постторунун туруктуу жайгашкан жерлери аныкталып, ЖККББнын кызматкерлери унааларынын сыртында ишеним телефондору көрсөтүлгөн кайгуул унааларында кызмат өтөшөт.

«Учурда ыкчам-алдын алуу иш-чаралардын комплекси ишке ашырылып, курорттук зоналарда коомдук тартипти сактоо чаралары менен жол кырсыктарын болтурбоо иштери күчөтүлгөн. Алдын алуу жана көзөмөл иш-чаралары туристтик сезондун аягына чейин туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Ички иштер органдарынын өздүк курамына мыйзамды жана кызматтык тартипти так сактоо боюнча тапшырмалар берилди», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>