Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 100 адам эвакуацияланды
16.04.2023 | 12:40
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 100гө жакын адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 15-апрелдин түнүндө Жумабек көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 23:58те өрт өчүрүүчүлөр тартылган.
“Өрт аталган турак үйдүн 2-подъездинде 1-10-кабатка чейин орнотулган электр калканычынан чыгып, ичин түтүн каптагандыктан 100дөй адам эвакуацияланган. Тилсиз жоо 16-апрелге караган түнү саат 00:07де чектөөгө алынып, саат 00:48де толук өчүрүлгөн”, – деп билдирет министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз