Бажы кызматынын башчысы Алмаз Салиев генерал-майор болдуОш шаарынын Курманжан датка көчөсүнө тротуар курулуудаЖКда лабораторияларды жаңылыш анализдер үчүн жоопкерчиликке тартуу сунушталдыМинистрлер Кабинети күйүүчү майга салыктарды сентябрдын аягына чейин төмөндөтүүнү сунуштоодо — дизель КНСтен толугу менен бошотулушу мүмкүнЧүйдө балдардын жалаягын жана гигиеналык каражаттарды чыгаруучу ишкана ачылдыБекешев ЦОНдордогу маалымкаттар өздүк наркынан кымбат сатылып жатканын айтты
Бишкекте коронавирус курчуду. Оору 183 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду
08.04.2021 | 09:39
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 222 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 3924 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында оору көп аныкталса, Ош жана Талас облустарында катталган эмес.
Алар:
Бишкек шаарында – 183;
Ош шаарында – 4;
Чүй облусунда – 24;
Баткен облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 4;
Нарын облусунда – 2;
Жалал-Абад облусунда – 4.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 111 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 3, Чүйдө 4 киши каза болду.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 89 миң 660 адамдан аныкталды. Анын ичинен 85 миң 607 бейтап айыгып, 1 миң 516 киши каза болду.