«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралатКыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү нотариалдык тариздөө үчүн мамлекеттик алым төмөндөтүлдүОоганстан БА үчүн башкы террордук коркунуч бойдон калууда — КМШ АТББир кварталда банктардын кассалары аркылуу дээрлик 3,8 трлн сом өткөн
Бишкекте коронавирус курчуду. Оору 183 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду
08.04.2021 | 09:39
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 222 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 3924 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында оору көп аныкталса, Ош жана Талас облустарында катталган эмес.
Алар:
Бишкек шаарында – 183;
Ош шаарында – 4;
Чүй облусунда – 24;
Баткен облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 4;
Нарын облусунда – 2;
Жалал-Абад облусунда – 4.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 111 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 3, Чүйдө 4 киши каза болду.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 89 миң 660 адамдан аныкталды. Анын ичинен 85 миң 607 бейтап айыгып, 1 миң 516 киши каза болду.