Бишкекте курал-жарак арсеналы алынды — шектүү билдирүү жасады

Бишкекте милиция кызматкерлери курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого шектелген жаранды кармашты. Анын буюмдарын кароо учурунда тапанчалар, кесилген мылтык (обрез), гранаталар жана ок-дарылар табылган, деп билдирет Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы.

Мекеменин маалыматы боюнча, буга чейин ыкчам кызматкерлерге борбор калаанын тургундарынын бири мыйзамсыз түрдө курал-жарак жана ок-дарыларды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси («Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Махатма Ганди жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери Toyota Corolla үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Кароо учурунда унаанын арткы орундугунан жүргүнчүлөрдүн бирине таандык спорттук сумка табылган.
Милициянын маалыматы боюнча, сумканын ичинде төмөнкүлөр болгон:
• ПМ тапанчасына окшош буюм;
• ичинде 5 огу бар REX PERFEKTA тапанчасына окшош буюм;
• белгисиз үлгүдөгү, 9 мм калибрдеги 13 огу бар тапанча-пулемётко окшош буюм;
• жылмакай стволдуу ок атуучу куралдын кесиндиси (обрез);
• төрт үн чыгаргыч (шумовой) граната;
• кара беткап;
• жашыл түстөгү аскердик камуфляж формасынын комплекти.
ИИББдин маалыматына караганда, унаадагы жүргүнчү мурда бир нече жолу соттолгон, 1983-жылы туулган Р. К. аттуу жаран болуп чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, анын УКТ (уюшкан кылмыштуу топ) менен байланышы бар.

Шектүүнүн айтымында, бул сумка мурда аны менен чогуу жаза өтөгөн, УКТ мүчөсү, «Дөө» каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловго таандык болгон.
Анын сөзү боюнча, мындан төрт жылдай мурун ал (Жумагулов) сумканы убактылуу катып коюуну суранган. Ичинде курал бар экенин көргөн жаран, өзүнүн айтымында, сумканы бак-дарактуу тилкеге (лесополоса) көмүп салган. Кийинчерээк ал Жумагуловдун кармалганын жана каза болгонун уккан.
Алынган курал-жарактар жана ок-дарылар соттук экспертизага жөнөтүлдү. Шектүү убактылуу кармоочу жайга (УКЖ) киргизилди. Тергөө иштери уланууда.