Ысык-Көлдө селден коргоо үчүн канал куруу, суу жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат

Ысык-Көл облусунда калктуу конуштарды, жолдорду жана айдоо аянттарын селден жана суу ташкындан коргоо иштери жүрүүдө. Тактап айтканда, Ысык-Көл районунун Темир айылында сел өтүүчү Арчалуу каналы курулуп жатат, ал эми Кашат айылында Чоң-Ак-Суу дарыясынын жээктерин бекемдөө жумуштары аткарылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, Темир айылындагы Арчалуу каналынын жалпы узундугу 2040 метрди түзөт. Долбоордун алкагында анын нугуна 11 ички көпүрө куруу каралган. Курулуш аяктаган учурда айылдагы 200дөн ашык турак үй, ички чарбалык жолдор жана Бишкек — Каракол унаа жолунун 600 метрлик тилкеси селден корголот.
Ошондой эле Кашат айылында Чоң-Ак-Суу дарыясынын 1000 метрлик нугунун оң жана сол жээктерин таш менен бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул чара дарыянын жээгинде жайгашкан турак үйлөрдү, 5 гектар айдоо аянтын, конок үйлөрүн, эки ишкананы жана Бишкек — Каракол унаа жолунун 200 метр аралыгын суу ташкынынан сактоого мүмкүндүк берет.