Кыргызстан курамасы тарыхта биринчи жолу Ливанды жеңдиКечинде «Ала-Арчадан» кетүү кыйын болууда — жетекчилик маселени чечүүнү убадаладыРоссияда чума оорусу катталганына байланыштуу Кыргызстанда чек ара көзөмөлү күчөтүлдүАба ырайы кескин сууктап, жаан жаайт: 5-октябрга карата аба ырайыКыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болду
Кеминдеги канаттуулар комплексин кеңейтүү үчүн инвестициялык келишимге кол коюлду
12.05.2026 | 11:35

Бүгүн, 12-майда, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Агро Куш» компаниясы инвестициялык келишимге кол коюшту. Документке агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана «Агро Куштун» башкы директору Аскат Абдрахманов кол койду.
Анын алкагында Чүй облусунун Кемин районунда «Иштеп жаткан канаттуулар комплексин жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды куруу аркылуу кеңейтүү» долбоору ишке ашырылат. Долбоор 24 канаттуулар короосун жана саатына 30 тонна жем чыгаруучу заводду курууну камтыйт.
Долбоорго салынган инвестициянын жалпы көлөмү 1,7 миллиард сомдон ашат. Бул демилге агроөнөр жай секторун өнүктүрүүгө, өндүрүштү көбөйтүүгө жана аймакта жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика