Кыргызстанда мыкты мектептер аныкталды. Министрликтин версиясы

Кыргызстанда мыкты мектептер аныкталды. Министрликтин версиясы

Бишкек шаарындагы “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда 20-июнда республика боюнча 2022-жыл жыйынтыгы боюнча алдыңкы иш тажрыйба үлгүлөрү, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрү жана жетишкендиктери менен айырмаланган бир катар мектептер сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты. Ал окуу жылын ийгиликтүү аяктап, алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүн куттуктап, аларга сыйлыктарды тапшырды.

«Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен 2022-жылдын февраль айынан тартып өлкө аймагында мыкты мектептерди тандоо боюнча иш-чара уюштурулуп келген. Жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоо үчүн атайын көз карандысыз калыстар тобу түзүлүп, ачык айкын жыйынтыктар чыгарылды. Калыстар тобунун сунушу менен “Эң мыкты” деп табылган мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялар менен жасалгаланат. Бүгүн, талыкпай эмгектенип келген мектептердин эмгек жамааттарын, окуучуларын, алардын ата-энелерин куттуктоого кезек жетти. Албетте, ар бир сынакта жеңүүчүлөр чыгат, бирок биз үчүн сиздер баарыңыздар мыктысыздар”, — деди Токтобүбү Ашымбаева.

Белгилей кетсек, рейтингтин  жыйынтыгына ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби «Эң мыкты мектеп» наамына татыды.

Мыкты деп таанылган жалпы билим берүү уюмдарынын рейтинги менен бул шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>