Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипке өттү
16.09.2022 | 22:05
Борбор калаада абал тынч. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бардык шаардык кызматтар график жана штаттык режимде иштеп жатат. Бишкек ШИИБ күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү. Борбор калаада азырынча эч кандай окуя катталган жок.
Ошондой эле шаардык милиция калаа тургундарына кайрылып, расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды.
“Урматтуу жарандар, социалдык түйүндөрдөгү ыктымал провокациялык басылмаларга көңүл бурбай, текшерилген жана расмий маалыматтарга гана ишенүүнү суранабыз.
Жарандардын коопсуздугуна башкача коркунуч жаралса, дароо жакынкы милиция кызматкерине кайрылып, 102 кыска номуруна чалыңыз” – деп айтылат кайрылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар