Бишкекте Мирлан Ураимовду колдогон митинг болуп жатат (ВИДЕО)

Бишкек шаардык сотунун имаратынын жанында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду бошотуу талабы менен митинг өтүүдө.

Чогулгандар Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү талап кылышууда.

 

Мирлан Ураимов 8-февралда кармалган. Ал бийликти күч менен басып алууга коомчулуктун чакырыктарына шектелүүдө. Социалдык тармакта Мирлан Ураимов аттуу колдонуучу жазды делген пост жарыяланган.  Анда “бийликти алмаштыруу керек, жакшы иштебей жатат”- деп жазылганы айтылат. Ал эми Ураимов муну жазбаганын айтып, бул айыпка макул эместигин билдирүүдө.

Мирлан Ураимов 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>