Легендарлуу америкалык мушкер Рой Жонс Ош шаарына келдиКРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылдыМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуБишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды1-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу жерлерде карга айланат
Эл өкүлү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир миллион сомдон берүүнү сунуштады
09.03.2022 | 12:29
Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Сабиров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш майрамынын алдында ар бирине бир миллион сомдон тапшырууга чакырат.
«Эки айдан кийин биз маанилүү датаны белгилейбиз. Быйыл жеңиштин 77 жылдыгы болот. Тарыхтагы эң жаман согуштардын биринин аякташы. Бизде дагы деле ардагерлер аз, алардын ар бирине бир миллион сомдон бөлүп берүү маселесин чечип берүүңүздөрдү суранам», – деди Равшан Сабиров.
Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, февраль айынын ортосуна карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 108 ардагер бар.
Аларга жыл сайын 9-майга карата республикалык бюджеттен 20 миң сом өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом