Бишкек: Митингге чыккан активисттер эмнелерди талап кылышты?

Бишкек: Митингге чыккан активисттер эмнелерди талап кылышты?

Бишкек шаарында М. Горький атындагы паркта 10-октябрда өткөн  митингде эч кандай укук бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Акыйкатчы аппаратына 10-октябрь күнү айрым жерлерде (Ош, Талас, Балыкчы, Бишкек) Кемпир- Абад суу сактагычы боюнча протоколду жокко чыгаруу жана Баткен облусундагы төрт чек ара заставасын кайтаруу талабы менен митинг өтөт деген маалымат түшкөн.

Буга байланыштуу Акыйкатчы аппаратынын Ош, Талас, Ысык- Көл облусундагы өкүлдөрү жана борбордогу кенсенин кызматкерлери митинг өтүүчү жерлерге мониторинг жүргүзүү үчүн чыгышты.

Жыйынтыгында, Талас облусунда абал туруктуу болду, эл чогулган жок. Ысык-Көл облусунда эл көп чогулчу жайларды (базарларды, көчөлөрдү) кыдыруу болду, эч жерде эл чогулган эмес.

Ош облусунда да эч кандай жыйын, чогулуштар болгон жок. Бирок, 14-15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун аймагындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде элдин топтолуусу болот деген сөздөр эл арасында айтылып жатканы боюнча маалымат түшкөн.

Ал эми Бишкек шаарынын М. Горький атындагы паркта 40 жарандык активисттер чогулган. Алар Кемпир-Абад боюнча түзүлгөн протокол ачыкталсын, чек ара заставалары кайтарылсын деген кайрылууларды кылышты. Коопсуздук жана тартип милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду. Митинг бүткөн сон жарандар тынч тарап кетишти.

Эч кандай укук бузуулар катталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>