Бишкекте муниципалдык жерге чыккан объектилер буздурулууда

Бишкекте муниципалдык жерге чыккан объектилер буздурулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Манас айылы көчөсүндөгү мыйзамсыз орнотулган тосмолорду алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Башкармалыктын кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик ишканасынын, Ленин районунун акимчилигинин жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Буга чейин шаардык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн комиссиялык иликтөө учурунда, жер тилкеси муниципалдык аймактын эсебинен 375 чарчы метрге кеңейтилгени  аныкталган. Кеңейтилген аймакта капиталдык курулуштар, тосмолор үчүн фундамент жана тиешелүү документтери жок гараж курулган.

Чыгыш тарабында көчө боюнда 1,10 метр чатыр менен капиталдык тосмо орнотулган. Восточная көчөсү  1 дарегинин батыш тарабында 14,20 метр жер тилкеси жана көчө жээгинде чатыры менен капиталдык тосмо курулган. Восточная көчөсүндө 1/3 дарегинде жер тилкесинин чыгыш тарабынан 14,20 м, батыш тарабынан 11,20 м. кеңейтилген.

Мындан тышкары, Манас айылы көчөсүндөгү 1/3 дарегинде муниципалдык аймакка чыккан пандус жана Манас айылы көчөсү  15 дарегинде капиталдык тосмо алынган.

Ыктыярдуу негизде Восточная көчөсү 1/4 дарегинде жайгашкан 4 кабаттуу турак жайдын темир тосмолору жана чатыры демонтаждалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>