Бишкекте бейтаптын туугандары дарыгерге кол салды

Бишкекте бейтаптын туугандары дарыгерге кол салды

Бишкекте бейтаптын туугандары дарыгерге кол салды. Бул тууралуу көз карандысыз медициналык кесиптик биримдиктин башчысы Бермет Барыктабасова билдирди.

Анын айтымында, бейтапты ооруканага алып келген учурда ал каза тапкан болгон. Аталган бейтап каттоодо туруп, буга чейин дарыгерлер анын өмүрүн куткарып келген. Бул ирет жардам берүүгө мүмкүн эмес болчу.

«Туугандарынын аракети акылга сыйбайт. Медициналык кызматкерлерге «жардам бергиле» деп асылып, бирок жардамдашууга жол беришпейт, эмне кылыш керектигин үйрөтүшөт. Урушканга барып, колдорун кайрып, бут кийимин чечип, аны менен урат. Реанимация палатасынан бардык кызматкерлерди кууп чыгышкан», — дейт ал.

Ал билдиргендей, бейтаптын туугандары кол көтөргөндөн тышкары, медициналык кызматкерлерди сөгүп, коркутканга чейин барган. Алардын биринин оозунан ичимдик жыттанып турган. Ага байланыштуу дарыгерлер «102» кызматына эки жолу чалып, милиция эки ирет келип кеткен.

«Укук коргоо кызматкерлери эки жолу келип, «сиздер медиксиздер да, сабап салса да, алар аффект абалында, күйүтү бар» дегенсип кол куурушуп койгон. «Тырыктар үчүн кылмыш ишин козгомок белек» дегендей кылган», — дейт ал.

Сөз аягында Барыктабасова медицина кызматкерлерине кол салып, кол көтөрүүгө жол берилбестигин белгилеген.

Ал окуя кайсы бейтапканада болгонун жазган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>