Бишкекте мыйзамсыз иштеген 27 косметологиялык мекеме аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз иштеген 27 косметологиялык мекеме аныкталды

Бишкек шаарында косметологиялык ишмердүүлүк жүргүзгөн лицензиясы бар жана өз алдынча ачылган 63 мекемен текшерилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз иштеген 27 косметологиялык мекеме аныкталды.

«Аталган мекемелерде мыйзамсыз айыктыруулар жана уруксаатсыз медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүлөр жасалары аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бул мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык режим одоно бузулуп, медициналык таштандылар мыйзамга ылайык жок кылынбайт жана жалпы таштанды челекке ыргытылат. Кардарлардын жугуштуу ооруларды жугузуп алуу коркунучу жогору.

Жыйынтыгында 27 косметологиялык салондун 17си боюнча документтер укук коргоо органдарына берилип, 10 клиникага айып салынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: медицина

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>