Жалал-Абад: Инспектор пара алып жаткан жеринен кармалды — сүрөт

Жалал-Абад: Инспектор пара алып жаткан жеринен кармалды — сүрөт

Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Базар-Коргон райондук көзөмөлдөө-текшерүү кызматынын башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы Башкармалыгы Жалал-Абад облустук прокуратурасы менен биргеликте 2022-жылдын 18-майында 15000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен С.Ч.А. аттуу  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Базар-Коргон райондук көзөмөл-текшерүү кызматынын башкы инспектору кармалды.

Аталган С.Ч.А. аттуу Базар-Коргон райондук көзөмөлдөө-текшерүү кызматынын башкы инспектору Базар-Коргон районунун тургунунун жеке менчик аймагындагы жашыл аянтчаларды мыйзамсыз кыюу фактысын жашыргандыгы үчүн, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүнү жана андан ары соттук териштирүү болот делген коркутуу жолу менен опузалап 50 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Базар-Коргон районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>