Садыр Жапаров 11 журналисттин кармалышы боюнча оюн айтты

Садыр Жапаров 11 журналисттин кармалышы боюнча оюн айтты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде 11 журналисттин кармалышы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, кармалгандар кесипкөй журналист эмес, алар блогерлер.

“Биринчиден, кармалгандар кесипкөй журналисттер эмес. Булар социалдык тармактарды пайдаланып, ар кандай маалыматтарды, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган маалыматтарды жоопкерчиликсиз менен жарыялаган блогерлер.

Экинчиден, Кыргызстанда ар бир укуктук мамлекеттегидей эле мыйзам алдында жоопкерчилик бар. Буга байланыштуу маалыматтын ишенимдүүлүгү үчүн ар бир адам, биринчи кезекте өзүн журналист, блогер деп эсептегендер жоопкерчилик тартышы керек.

Блоггерлер, активисттер ачыктан-ачык чындыкка дал келбеген, жалган маалымат таратып жатканына далай жолу күбө болдук. Көбүнчө атайылап же билбестен регионалдык, диний жана улуттар аралык кастыкты козутуу аракеттери, конституцияга каршы аракеттерге жана баш аламандыкка чакырыктар болгон”, — деген президент.

Маектин толук версиясы бул шилтемеде.

Белгилей кетсек, 16-январда милиция кызматкерлери “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин кармап кеткен. Алар Биринчи май райондук соттун чечими менен 13-мартка чейин СИЗОго камакка алынган.

Он бир журналист эки айга камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>