Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Бишкекте накталай төлөм үчүн жол кирени 40 сом кылуу пландалууда
08.10.2024 | 15:51
Бишкекте автобус-троллейбуста жол кирени накталай төлөгөндөр үчүн бааны көтөрүү сунушталууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Транспорт департаментинин директорунун орун басары Бакытбек Сарымсаков билдирди.
Анын айтымында, накталай төлөм үчүн жол кирени 40 сом кылуу пландалууда. Ал эми накталай эмес, карта менен төлөгөндөр үчүн баа 17 сом бойдон калат. Аны менен бирге алар бир жолу 17 сом төлөп, 90 мүнөттүн ичинде 3 автобуста акысыз жүрө алат. Бул жеңилдик накталай төлөгөндөргө тиешелүү эмес.
Азырынча бул демилге коомдук талкууга чыгарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом