Бишкекте UmutDoc фестивалы өтүүдө: 30дан ашык тасма жана чеберчилик сабактарыЭгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирди
Бишкекте тургунду 29,5 мин долларга сызга отургузуп кеткен жаран кармалды
08.10.2024 | 16:16
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, шаардык милицияга бир тургун арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл августта Б.Б. аттуу жаран Бириккен Араб Эмираттарынан Lexus GX-460 унаасын сатып алып, Кыргызстанга жеткирип берүү үчүн 29,5 миң доллар алып, убадасын аткарбай койгон.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Б.Б. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.
ИИМ аталган жаранга алданган адамдар болсо, 0703 91 36 80 же 0777 01 17 84 номерине кайрылуусун суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом