Тергөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча эң көп арыз ИИМге түшкөн — АкыйкатчыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салындыКыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөтСадыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачтыНургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты
Бишкекте өндүрүш компанияларынын эл аралык көргөзмөсү өтөт
15.05.2026 | 13:53

4–6-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы «Жаштык арена» спорт комплексинде «Ala-Too Trade and Industry Expo 2026» эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Көргөзмөгө Кыргызстан, Беларусь, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан 50дөн ашык өндүрүш компаниялары катышат. Экспозицияда төмөнкү тармактар сунушталат:
- машина куруу жана энергетика;
- электротехникалык жабдуулар жана металлургия;
- курулуш материалдары;
- химия жана фармацевтика;
- өнөр жай технологиялары.
Иш-чара B2B жана B2G форматында өтүп, инвестиция тартууга жана өнөр жай байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган. Уюштуруучулар: Экономика жана коммерция министрлиги менен «Biexpo» компаниясы.
Иш-чара Кыргызстандын 2026-жылдагы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалыгынын алкагында уюштурулууда.