Садыр Жапаров ТМУнун саммитине катышуу үчүн Казакстанга барды

15.05.2026 | 13:01

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Казакстандын Түркстан шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат. Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын башчылары, байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү жана уюмдун башкы катчысы катышат.

Саммит «Жасалма акыл жана санариптик өнүгүү» темасына арналат. Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстандын санариптик трансформацияны жөнгө салуу, мамлекеттик санариптик платформаларды жана электрондук кызматтарды киргизүү, ошондой эле санариптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын тааныштырат.

Талкуунун алкагында ТМУга мүчө өлкөлөр ортосундагы биргелешкен долбоорлорго көңүл бурулат. Анын ичинде:

  • санариптик транспорттук коридорду түзүү;
  • эл аралык жүк ташуулар үчүн электрондук документтерди киргизүү;
  • санариптик экономика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралат.
Scroll to Top