Бишкекте органдарды трансплантациялоо боюнча эл аралык симпозиум өттү

Бүгүн, 22-майда, Бишкек шаарында органдардын донорлугу жана трансплантациясы боюнча эл аралык симпозиум болуп өттү. Иш-чарага 10дон ашык өлкөдөн келген окумуштуулар жана дарыгерлер катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов симпозиумдун ачылышында сөз сүйлөп, Кыргызстанда акыркы жылдары органдарды трансплантациялоо жаатында жасалып жаткан иштер жана ийгиликтер тууралуу маалымат берген.
Анын айтымында, акыркы үч жылда өлкөдө республикалык бюджеттин эсебинен 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган. Анын 42си Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, ал эми 13ү Режеп Кыргыз-түрк достугу ооруканасында ишке ашкан.
Мындан тышкары, мамлекеттин каржылоосу менен үч жолу боорду алмаштыруу операциясы жасалган. 2024-жылы өлкөдө биринчи жолу жилик чучугун алмаштыруу операциясы аткарылган. Маматканов белгилегендей, кыргызстандык дарыгерлер бул багыт боюнча чет өлкөлөрдө квалификациясын жогорулатып келишкен.
Симпозиумдун жүрүшүндө катышуучулар бөйрөк, боор жана жүрөк трансплантациясынын заманбап ыкмалары, ошондой эле донордук жана анестезияны башкаруу боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүшкөн. Ошондой эле иммунологиялык шайкештик, инфекциялык коопсуздук, трансплантациянын укуктук жана этикалык аспектилери тууралуу талкуулашкан. Иш-чарада балдардын трансплантациясын өнүктүрүүгө жана медициналык кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулган.