«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Минкаб эмгек мигранттарына бериле турган квотаны 100 миңге көбөйттү
22.05.2026 | 17:21

Кыргызстандын Министрлер кабинети 2026-жылга өлкөгө иштөө үчүн келүүчү чет элдиктерге бериле турган квотанын санын көбөйттү. Мындай чечим Минкабдын 30-апрелдеги №313 тескемеси менен бекитилген. Бул тууралуу “Токтом” маалымат-укуктук порталына 22-майда жарыяланды.
Документке ылайык, Кыргызстандын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырууга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдарга берилүүчү квотанын саны 52 миңден 100 миңге чейин көбөйтүлдү.
Эске салсак, былтыр, 2025-жылдын августунда өкмөт чет өлкөлүк эмгек мигранттарына берилүүчү квотанын санын 25 миңден 42 миңге чыгарган. Кыргызстанга эмгек мигранттары көбүнчө Өзбекстан, Пакистан, Индия, Бангладеш Кытай жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн келишет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом