Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Бишкекте өспүрүм бычакталып каза болду
12.06.2023 | 11:41
Бишкекте өспүрүм бычактан жараат алып каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-июнда милицияга өспүрүмдүн апасы кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 9-июнда болжол менен саат 22:20да Ботаникалык бакта Шопен көчөсүндө белгисиз адам Н.А. аттуу уулуна бычак сайып, ал алган жараатынан каза болгон.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2007-жылы туулган А.Р. аттуу өспүрүм кармалган. Райондук соттун чечими менен ал Чүйдүн Вознесеновка айылындагы №14 абакка (жашы жете элек балдардын абагы) 2 айга камакка алынган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз