Чүйдөгү тургундун сабалышы: Экинчи шектүү кармалды

Чүйдөгү тургундун сабалышы: Экинчи шектүү кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунун Луговое айылында жарандын сабалышы боюнча экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-июнда болжол менен саат 21:30да Луговое айылында «Миг» аттуу дүкөндүн жанында белгисиз адамдар 29 жаштагы Т.Ж. аттуу жаранды сабаган. Ага байланыштуу ал милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин бир шектүү — Ленин айылынын 31 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну кармалганы кабарланган.

11-июнда экинчи шектүү – Ленин айылынын 25 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү ММКлардын бири Луговое айылында жергиликтүү тургундардын арасында массалык мушташ чыкканы тууралуу жазган. Басылма милициядагы өздүк булактарына таянып билдиргендей, бир тургун айылдашын сабап салган. Жыйынтыгында бул окуяга чырдашкандардын тааныш-туугандары аралашып, мушташ болгон.

Милиция массалык мушташ болгону тууралуу маалыматты төгүндөгөн. Облустук милиция билдиргендей, Луговое айылында бир адам башка жаранды сабаган. Окуядан кийин уруш болгон жерге көп эл топтолуп калган. Бирок массалык мушташ болгон эмес.

Чүйдүн Луговое айылында массалык мушташ болдубу? Милициянын жообу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>