«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыяланды
28.03.2024 | 19:08
Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Атайын токтомго ылайык шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан учурда өзгөчө кырдаал режими киргизилет.
Кооптуу аймактарды – асылып турган чатырлар, кондицинерлер, чоң бутактар ж.б. изилдөө жана анын кесепеттерин аныктоо максатында райондук администрациялардан, муниципалдык инспекциядан жана коммуналдык кызматтардан турган мобилдик топтор уюштурулду.
Бардык шаардык кызматтар күчөтүлгөн режимге өттү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Көзөмөл башкармалыгына социалдык объектилерде, чатырын шамал учуруп кеткен мектептерде, бала бакчаларда подряддык иштерди сапатсыз аткаруу фактыларын аныктоо боюнча комиссия түзүү тапшырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом