ЕАЭБде күйүүчү-майлоочу майларга (КММ) нөлдүк бажы алымдары узартылды

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңеши мотор бензинине, дизель майына, авиациялык отунга, кеме отунга, ошондой эле башка газойлдорго карата нөлдүк импорттук бажы алымдарынын колдонуу мөөнөтүн бир жылга, тагыраагы 2027-жылдын ортосуна чейин узартты. Бул тууралуу ЖМКлар ЕЭКтин соода блогунун билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыгышты.
«Буга чейин белгиленген нөлдүк ставкалардын мөөнөтү 2026-жылдын 30-июнунда аяктаган. Бир катар өлкөлөрдүн аларды узартуу боюнча демилгелери ыкчам иштелип чыгып, бирдиктүү чечимге келтирилди. Ставкаларды нөлдөштүрүү дагы бир жылга узартылды», — деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Ошону менен бирге, бул чечим менен автомобилдик бензиндерге кошулуучу присадкаларга да нөлдүк алымдар белгиленди.
Өткөн аптада Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак орус бийлиги ЕЭКке бензинге импорттук алымдардын нөлдүк ставкасын узартуу боюнча документтерди жөнөткөнүн билдиргени айтылат.
Маалым болгондой, Орусия өкмөтү ички күйүүчү май рыногун коргоо максатында өткөн жылдын октябрь айында мунай продуктуларынын импортуна алымдарды нөлдөштүргөн. Бул чара 2026-жылдын 30-июнуна чейин иштеп келген.
Ушундай эле чара учурда ЕАЭБ өлкөлөрүндө (Орусия, Кыргызстан, Армения, Беларусь жана Казакстан) колдонулууда. Мында ал мунай продуктуларынын башка түрлөрүнө да жайылтылган: мотор бензининен тышкары, үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз алып келүүгө реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун, дизель майы, кеме отуну жана башка газойлдор кирет. Бул күйүүчү майлардын бардык түрлөрү боюнча импорттук алымдын ставкасы, нөлдөштүрүүнү эсепке албаганда, 5%ды түзөт.
Жеңилдик 2026-жылдын 30-июнуна чейин (аны кошкондо) иштеп келген.