Ажылык учурунда жакындарыңыз менен ыңгайлуу баада баарлашыңыз

Ажылык учурунда жакындарыңыз менен ыңгайлуу баада баарлашыңыз

Ажылык – дүйнө мусулмандарынын руханий жактан өнүгүүсүн арттырган жана тазалануу сезимин күчөтүүчү Жараткандын берген жакшылыгы.

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Сауд Арабиясына Ажылыкка аттанып жаткан мусулмандарга аталган өлкөнүн Zain KSA роумингинде ылайыктуу тарифтерди колдонууну сунуштайт.

Ыйык Меккеге зыярат кылуу учурунда MegaCom’дун абоненттери «WhatsApp роумингде» же «Роуминг Онлайн» кызматтарынан* пайдаланып, жакын адамдары менен ар дайым байланышта боло алышат.

Болгону 150 сомдон жогору баага «WhatsApp роумингде» кызматын кошуп алып (*153*1#чалуу буйруусу менен), зыяратчылар популярдуу мессенжерлерден колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, Wi-Fi түйүнүн издеп же Сауд Арабиясынын SIM-картасын сатып алуу убаракерчилигин тартышпайт.

Эгерде WhatsApp мессенжери менен гана чектелүүнү каалабасаңыз, анда 200 МБ интернет үчүн «Роуминг Онлайн» кызматын 200 сомдон жогору баага кошуп алып (*108*1*200#чалуу буйруусу менен), 24/7 режиминде онлайн болуңуз.

Роумингди кошуп алуу шарттары боюнча толугураак маалыматты MegaCom компаниясынын расмий сайтынан алсаңыздар болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>