Кемпир-Абад иши: Үч адам камакта калды

Кемпир-Абад иши: Үч адам камакта калды

Бүгүн, 16-февралда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган үч адамдын камактагы жана бирөөнүн үй камагындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттун чечимине ылайык, Мамбетжунус Абылов, Атай Бейшенбек жана Айданбек Акматов 20-апрелге чейин №1 тергөө абагында камакта болот.

Ал эми, Талант Эшалиев 20-апрелге чейин үй камагында калтырылган. Ал былтыр 22-октябрда активисттер менен саясатчылар кармалганда, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Буга чейин аталган иш боюнча камалгандардан Мамбетжунус АбыловПеризат Суранова жана Равшан Жээнбеков ооруканага жаткырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>