Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Үч айда Кыргызстан 152 тоннадан ашык бал экспорттоду
25.05.2026 | 14:36

Үстүбүздөгү жылдын январь–март айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 152,8 тонна бал экспорттолду. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге (78 тоннага) көп.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, экспорттун жалпы көлөмү 37,3 млн сомду же 426,6 миң долларды түзгөн. Балдын эң көп көлөмдөгү экспорту Өзбекстанга жөнөтүлгөн.
Мекеме кыргыз балынын экологиялык тазалыгы тышкы рынокто суроо-талаптын өсүшүнө өбөлгө болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле бал өндүрүүчүлөрдү колдоо, сапат стандарттарын өркүндөтүү жана жаңы рынокторду издөө багытындагы иштер улантыларын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: экспорт