Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Бишкекте сот кызматкерлери үчүн 81 батирлүү үй курулду
20.05.2024 | 17:45
Бишкекте сот кызматкерлери үчүн 81 батирлүү 9 кабат турак үйдүн курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, турак үй “Юдахин көчөсү №64” дарегинде жайгашкан. Ал 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен салына баштаган. Бирок 2019-2022-жылдары акча бөлүнбөй, курулуш иши токтоп турган. 2023-жылдан баштап Мамлекеттик ипотекалык компаниясы курулуш иштерине каржылоо жүргүзгөн.
“Бүгүнкү күнү турак жайдын курулушу аяктады. Жакынкы күндөрү пайдаланууга тапшыруу күтүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом