ИИМ: Бишкекте чет элдиктерди карактоого шектелгендер кармалды

ИИМ: Бишкекте чет элдиктерди карактоого шектелгендер кармалды

Бишкекте чет элдик студенттерге кол салып, карактаган деп шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин маалыматы боюнча, 13-майга караган түнү Чыгыш-5 кичирайонунда белгисиз адамдардын тобу египеттик студенттерди тосуп алып, аларга тийише баштаган. Алардын бирөө египеттиктерге кол көтөрө баштаганда, чет элдиктер качып кетип, Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатаканага жетүүгө үлгүргөн. Алардын артынан түшкөн топ бала чет элдиктердин жатаканасына чейин кирип барган. Андан кийин ал жакта жашаган бир нече чет элдиктин акчаларын жана буюмдарын тартып алган.

Топ бала ар кайсы бөлмөлөрдүн эшиктерин тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерди кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан. Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бирөөсүн таштап качып кетишкен. Жатаканада жашаган чет элдиктер тез жардам чакырып, калып калып таяк жеген жаранды тез жардам унаасы менен ооруканага жөнөтүшкөн.

Тез жардам менен жөнөтүлгөн бала ооруканага келгенде аты-жөнүн башкача атап, окуя тууралуу үн каткан эмес. Жардам алгандан кийин ооруканадан кетип калган.

«Окуялардын хронологиясы, болгон бардык жагдайлар, белгисиз адамдардын тобу чет өлкөлүк жарандарды кантип куугунтукташканы, жатаканага киришкени жана эки тараптын катышуусу менен болгон мушташ тышкы көзөмөл видеокамерасында жазылып калган», — деп белгилейт ИИМ.

Бул окуядан кийин Египеттин 4 жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Аларга «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 19-майда алар үй камагына чыгырлды.

Ошондой эле окуя боюнча Египеттин үч жараны милицияга арыз жазган: Бири ур-токмок жегени, экинчиси 1 миң 250 долларын, Iphone 15 Pro Max телефонун тарттырып койгону, үчүнчүсү 1 миң 550 долларын алдырып койгонун билдирген.

Чет элдиктерди карактоого шектелип 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т. жана Н.Б. аттуу жаш балдар кармалды.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Бишкектеги мушташ. Милиция кармаган Египеттин 4 жараны үй камагына чыкты

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>