Бишкекте спорт боюнча 7 эл аралык мелдеш өтөт (тизме)

16.02.2024 | 16:15

Быйыл Бишкек шаарында бир катар ири эл аралык спорттук иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аталган спорттук иш-чараларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Маалым болгондой, борбор калаада 7 эл аралык мелдеш өтөт. Байсалов бул спорттук иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн тармактык мамлекеттик органдар тиешелүү иштерди өз убагында жана толук аткарышы керектигин белгилеген.

Бишкекте өтө турган эл аралык мелдештер:

– 21-26-февралда 19 жашка чейинки жаш улан-кыздар арасында бильярд боюнча дүйнө чемпиондугу;

– 26-февралдан 3-мартка чейин бильярд боюнча эркектер жана аялдар арасында дүйнө биринчилиги;

– 10-16-мартта «А» тайпасынын үчүнчү дивизионунда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты;

– 23-марттан 1-апрелге чейин аялдар командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты;

– 25-30-мартта угуусу начар адамдар арасында таэквондо боюнча дүйнө биринчилиги;

– 11-16-апрелде грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты;

– 19-21-апрелде грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо берүүчү Азия квалификациялык (лицензиялык) мелдеши.

Scroll to Top