Караколдо айыл чарба багытындагы жерге мыйзамсыз курулган турак үй сүрдүрүлдү — кылмыш иши козголдуСоң-Көлдөн 6 чакырымдан ашык мыйзамсыз балык уулоочу тор табылдыПутин Орусияда мигранттардын жүрүү эрежелерин катаалдаштырган мыйзамдарга кол койду«Кыргызстандын ЖОЖдору КРСУдан үлгү алышы керек» — Маматалиев «Жаштык Аренадагы» бүтүрүү кечеси тууралуу27-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +38°C чейин жетип, айрым жерлерде өткүн өтөт27-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +38°ка чейин жетет, жаан айрым райондордо гана күтүлөт
Бишкекте студенттер да эки күн онлайн окушат
09.10.2023 | 22:33
12-13-октябрда Бишкектеги билим берүү уюмдары (мектеп, менчик түрүнө карабастан орто жана жогору билим берүү уюмдары) аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин мэрия ордо калаада 12-13-октябрда мектептер онлайн режимге өтөрүн маалымдаган. Билим берүү министрлигинин чечимине ылайык, бул күндөрү студенттер дагы аралыктан окумай болду. Бала бакчалар иштебейт.
Эскерте кетсек, бул күндөрү Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын саммити өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар