Бишкекте таанышуудан баш тарткан кызды сабап салган киши кармалды

Бишкекте таанышуудан баш тарткан кызды сабап салган киши кармалды

Бишкек шаарынын тургунун банкоматтын жанынан сабап салган киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу кыз 28-майда милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адам аны сабап салганын билдирген. Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Ээнбаштык”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери 40 жаштагы Э.А., аттуу шектүүнү кармап, андан кийин бошотуп коюшкан. Жарандар милициянын мындай аракетине нааразы болуп чыгышкан. Мындан улам шектүү жаранды кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин жабырлануучу окуя 28-майда саат 03:20 чамасында болгонун билдирген. Ал банкоманттан акча чыгаруу үчүн барганда жанына белгисиз киши келип, таанышууга аракет кылган. Кыз каршы экенин билдиргенде, ал аны бетке чаап, колундагыларды ага берүүсүн талап кылган.

 

Тэги: шектүү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>