Бишкекте таанышына бычак сайган деп 24 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте таанышына бычак сайган деп 24 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте Күзөт кызматкерлери тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен бөтөлкөлөшүн бычактаган кыз кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 21-декабрда саат 23:45 чамасында «102» кызматына 30 жаштагы П.А. аттуу жаран бычактан жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Факт боюнча материалдар Свердлов РИИБге катталып, күзөт кызматкерлери дарекке келишкенде бычак жеген П.А. тез жардам унаасы менен ооруканага жөнөтүлгөнү такталган.

Кийин кылмышка шектүү 1999-жылы туулган С.М. аттуу кыз экени жана окуя спирт ичимдигин ичүүдөн улам ортодо пикир келишпестиктен чыкканы аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>