Бюджет-2027: Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 28,25 млрд сом бөлүнөтКыргызстандагы алгачкы «Вкусно — и точка» «Россия» кинотеатрында ачылат«Үмүт берген искусство»: Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде арт-сессиялардын күзгү сезону өтөтУлуттук банк: Кыргызстанда инфляция 2026-жылдын аягына чейин 15%га жетиши мүмкүнСадыр Жапаров «Борбордук Азия – Корея Республикасы» биринчи саммитине катышуудаБУУнун Кыргызстандагы координатору Антье Граве өлкөдөгү миссиясын аяктады
Жалал-Абаддагы абактын ордуна административдик имарат курулат
25.12.2023 | 21:44
Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жазаларды аткаруу кызматынын №10 түзөтүү мекемеси жана кайтаруу, күзөтүү департаментинин №5 батальонун бузуу иштерин ӨКМдин алдындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу кызматы колго алган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, тазалоо жана бузуу жумуштарына 18 оор техника тартылып, атайын жумушчу топ түзүлгөн. Аталган аймакта тазалоо жана бузуу жумуштарынын жүрүшүнө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында таанышты.
Белгилүү болгондой Жалал-Абад шаарынын ичинде жайгашкан бул абак сыртка чыгарылып, анын ордуна административдик имараттар жана сквер курулуусу болжолдонгон.

Рубрики: Жаңылыктар