Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жүктөр кармалды

Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жүктөр кармалды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде аткезчилик жүктөр кармалды, деп билдирет Чек ара кызматынын маалымат кызматы.

Маалыматка караганда, 30-январда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары УКМК аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Байзак-Сай жергесинде MERCEDES-BENZ Sprinter үлгүсүндөгү унааны токтотушканда анда жалпы салмагы 900 кг. түзгөн 18 кап күрүч табылган.

1999-жылы туулган К.А., жана  2001-жылы туулган С.Ф., аттуу Кыргызстандын жарандары азык-түлүктү Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан. Аларда алып бараткан жүккө тийиштүү документтер болгон эмес.

Ушул эле күнү Лейлек районундагы Мурас-Достук унаа жолунда чек арачылар УКМК аймактык тарамынын кызматкерлери менен болгон кош аракеттин негизинде мамлекеттик чек арадан жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашкан.

OPEL ZAFIRA үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда 100 кутудан ашык энергетикалык суусундуктар табылган. Ар бир кутунун ичинде 24 банка алкоголсуз суусундуктары болгон.

1986-жлы туулган Лейлек районунун тургуну тийиштүү документтери жок жүктү Кыргызстандан Тажикстанга алып чыгууга аракет кылган.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, мыйзамсыз алынып бараткан аткезчилик жүктөрдүн жалпы суммасы болжол менен 300 000 сомдон ашат.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар жана аткезчилик жүктөр мындан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>