Эгемендик күнү: Чуңкурчакта даярдык кызуу жүрүүдө

Эгемендик күнү: Чуңкурчакта даярдык кызуу жүрүүдө

31-август – Көз карандысыздык күнү жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанатту иш-чара Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда, аймактардан келген боз үйлөр тигилип, маданий көргөмөлөрү коюлуп, даярдык чаралары кызуу жүрүүдө.

Мамлекеттин көз карандысыз күнүн белгилөө салтанаты – жыл сайын Кыргызстандын башка облустарында белгиленет. Иш-чара эртең, 31-августа саат 10:00дө башталып, кечки саат 19:00дө жыйынтыкталат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>