Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган туннель табылды

Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган туннель табылды

УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында аткезчиликке каршы комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган туннель табылган.

УКМКнын маалыматына караганда, 2022-жылдын 4-июнунда УКМК, КР Чек ара кызматынын башкармалыгы жана ӨКМдин көмөгү менен, ошондой эле Өзбекстандын өнөктөш кызматтары менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу шарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында Кыргызстан менен Өзбекстандын жер астындагы өтмөк менен байланыштырган туннель табылган.

Туннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, кире бериштен (КР) чыгуусуна (РУ) 155 метрге жакын экени аныкталган.

Учурда бул туннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелуу тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>