Бишкекте Түркияга гумжардам тамак-аш түрүндө кабыл алынууда

Бишкекте Түркияга гумжардам тамак-аш түрүндө кабыл алынууда

Борбор калаада учурда гуманитардык жардам негизинен азык-түлүк түрүндө кабыл алынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Чогултуу пункттары төмөнкү даректе жайгашкан:

Биринчи май району боюнча пункт: Жибек-Жолу проспектиси № 495 дареги боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгында, телефон: 0 (312) 67 04 33;

Ленин району боюнча: Чүй пр. № 315 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын биринчи кабатында, телефон: 0 (312) 653870;

Октябрь району боюнча: Байтик-Баатыр көчөсү, №17 дарегинде жайгашкан Муниципалдык администрациянын имаратынын 1-кабатында,  телефон: 0(312) 578900;

Свердлов району боюнча: Чүй проспектиси №28 муниципалдык администрациянын имаратынын жанында, телефон: 0312 360707.

Ошондой эле, табигат кырсыгынын кесепеттерин жойууга көмөк көрсөтүүнү каалагандар бул эсептин реквизиттерине акча каражаттарын которо алат.
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);
Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;
Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Буга чейин борбор калаада Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу пункттары ачылган.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык куткаруучулар үч адамды урандылардын алдынан аман-эсен куткарышкан.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 29 миң 605 киши каза таап, 147 миң 934 адам жараат алды.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин, анан кийин дагы 50 куткаруучуну жөнөткөн.

Түркиядагы зилзалдан кыргызтандык аял каза болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: гумжардам

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>