Түркияда 25 имараттын кыйрашы боюнча 5 адам камакка алынды

Түркияда 25 имараттын кыйрашы боюнча 5 адам камакка алынды

Түркиянын Газиантеп провинциясында жер титирөөдө 25 имараттын урашы боюнча иликтөө иштеринин алкагында кармалган беш кишиге карата сот камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу “Анадолу” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кармалгандар юстиция органдарынын карамагына берилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө жалпысынан тогуз адам камакка алынган.

Кармалгандардын бири бошотулуп, соттук көзөмөлгө алынды. Калгандары боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарындагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 31 миңден ашты.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жаратылыш кырсыгынан каза болгондор үчүн Түркияда жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланып, мамлекеттик желектер жерге түшүрүлгөн.

Жер силкинүү Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>