Тишин тазалаткан 3 жашар кыздын өлүмү: Иш парламентте каралды

Тишин тазалаткан 3 жашар кыздын өлүмү: Иш парламентте каралды

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Бишкектеги тиш доктурда чарчап калган 3 жашар кыздын ишин иликтөө боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы угулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликте түзүлгөн комиссиянын төрагасы, саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Ринат Мавланбай уулу маалымат берди.

Депутат Максатбек Сарбагышев окуянын орун алганына бир ай убакыт өтсө да териштирүү иштери жыйынтыкталбагына көңүл буруп, кылмыш ишине тиешелүү дарыгерлер жоопкерчиликке тартылуусун айтты.

Жыйынтыгында комитет жагдайды укук коргоо органдарынын териштирүүсүнөн кийин дагы карай турганы белгиленди.

Тишин тазалаткан 3 жашар кыздын өлүмү: Шектүү кызматкер кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>