Ошто милиционерди өлтүрүп, сөөгүн дарыяга ыргытып салган. Соттун өкүмү чыкты

Ошто милиционерди өлтүрүп, сөөгүн дарыяга ыргытып салган. Соттун өкүмү чыкты

Жогорку сот Ош облусунда милиция кызматкерин өлтүрүп, сөөгүн дарыяга ыргытып жиберген эки жаранга өкүм чыгарды.

23-мартта Жогорку соттун сайтында маалымдалгандай, буга чейин облустук сот тарабынан айыпталуучулардын ар бири 15 жылга эркинен ажыратылган.

Бул чечимге жабырлануучу тарап макул болбой, Жогорку сотко кайрылып, айыпталуучуларды өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

Соттун токтомунда айтылгандай, окуя 2021-жылдын 28-январында болгон. 27-январда И.Ч. аттуу жаран туулган күнүн тосуп, өзүнүн тууганы Б.С. уулун конокко чакырган. Алар ичимдик ичип отурганда, Б.С. уулу өзүнүн таанышы Н.Э.ге (милиция кызматкери болгон) телефон чалып, чакырган. Н.Э. келгенден кийин үчөө ичимдик ичип, бир маалда ортодо чыр чыккан.

28-январда болжол менен саат 04:00до үчөө үйдүн биринчи кабатына түшүп, И.Ч. менен Б.С. уулу милиция кызматкерин сабап, өлтүргөн. Кылмышты жашыруу үчүн алар маркумдун сөөгүн унаа менен Гүлчө дарыясына алып барып, ыргытып жиберген.

Жогорку сот 6-февралда ишти карап, жабырлануучу тараптын өтүнүчүн канаттандырган эмес. Соттордун мурдагы чечимдери (ар бирин 15 жылга эркенин ажыратуу) күчүндө калтырылган. Жогорку соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-январында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө суусунан милициянын лейтенанты Нурланбек Эркуловдун жансыз денеси табылган. Анда кабарлангандай, милиция кызматкерин мас абалындагы тааныштары пикир келишпестиктен улам сабап өлтүрүп, кийин сууга ыргытып жиберишкен.

Бул иш боюнча шектүү катары 54 жаштагы О.Э., 32 жаштагы И.Ч. жана Б.С. уулу аттуу жергиликтүү тургундар кармалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>