Бишкекте велосезон расмий жабылды

Бишкекте велосезон расмий жабылды

Бишкекте велосезон расмий түрдө жабылды  Бишкек шаарында велосезон расмий түрдө жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти «ОО Вело friends позитив KG» менен биргеликте 2023-жылдын жылуу велосезонунун расмий жабылышын өткөрдү.

Веложүрүш борбордо сергек жашоо образын жайылтуу жана велоспортту жайылтуу максатында өткөрүлдү. Иш-чарага 800дөн ашуун адам катышты. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева куттуктоо сөзүн айтып, веложарыштын катышуучулары менен бирге жеке өзү велосипед тээп өттү.

Уюштуруучулар ар кандай сынактарды жана лотереяларды өткөрүштү. Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр байгелерди жана баалуу белектерди алышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>