Сауд Арабиянын дарыгерлери Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоону пландоодо

Сауд Арабиянын дарыгерлери Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоону пландоодо

31-октябрда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Арабиянын элчиси Ибрагим бин аль-Ради менен жолугушту.

Министрлигинин басма сөз борбору билдиргендей, жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу, аймактарда фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, тажрыйба алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Король Салман атындагы гуманитардык жардам борбору Кыргызстанда 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин жүрөккө бекер операцияларды жасоо акциясын өткөрүүнү көздөп жатканын билдирди.

«Бул акцияны өткөрүү үчүн Кыргызстанга 30 адистен турган топ келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 100гө жакын жардамга муктаж бейтаптардын жүрөгүнө бекер операция жасашат. Алар 500 миң доллардан ашык стенттерди жана керектүү медициналык жабдууларды бекер алып келишет», — деп айтылат маалыматта.

Алымкадыр Бейшеналиев элчиге саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул акцияны өткөрүүдө Саламаттыкты сактоо министрлиги келген дарыгерлер тобуна бардык керектүү жардамдарды берерин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>