Бишкекте кызмат учурунда курман болгон ИИМ кызматкерлери эскерилди

Бишкекте кызмат учурунда курман болгон ИИМ кызматкерлери эскерилди

Бүгүн, 15-майда Бишкекте кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин имаратында өткөн эскерүү иш-чарасына ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, министрдин орун басарлары, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары жана өздүк курамы, курман болгон кызматкерлердин туугандары жана жакындары катышкан.

Эскерүү иш-чарасы кызмат учурунда курман болгондорго арналган мемориалга гүл чамбарларды коюу жана бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң иш-чарага чакырылган кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындарына жана туугандарына Адылбек Бийбосунов кѳңүл айтып, сѳз сүйлѳдү.

Бийбосунов кылмыштуулук менен аёсуз күрөшүп, кызмат учурунда баатырларча курман болгон кызматкерлердин жана ички аскерлердин жоокерлердин ысымы түбөлүк сакталып каларын белгилеген.

«Даңк» мемориалы — бул кызмат учурунда көз жумган кызматкерлердин жаркын элестерин урматтоо, эр жүрөктүктүн, мекенчилдиктин жана Ата Мекенге болгон сүйүүнүн символу, муну эстен чыгарбоо менен эскерип туруу жана келечек муундарга бул элести өткөрүп берүү биздин милдетибиз.

Жүздөгөн милиция кызматкерлери жана ички аскерлеринин жоокерлери кылмыштуулукка жана кылмышкерлерге каршы аёсуз күрөштө бычактын мизи менен басышып, атылган окко тике карап, жарандарыбыздын өмүрүн жана коопсуздугун сактап калууда эрдик көрсөтүшүп, жаркын келечек үчүн, бейпил жашоо үчүн өз өмүрлөрүн аябай курман болушту.

Кыргыз милициясынын ар бир муунунун өз милдеттери болгон, көптөгөн өзгөрүүлөр болгон, бирок негизги максаты өзгөрүүсүз калган, ал — коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөштүн башатында туруу парзы жана милдети эле. Өз өмүрүн аябастан, Мекен алдындагы милдетине берилген бойдон калган милиция кызматкерлеринин эрдиги биздин эсибизде ар дайым сакталып калат. Алардын ысымдары биздин өлкөнүн тарыхында түбөлүккө жазылып кала берет», — деди Адылбек Бийбосунов эскерүү сөзүндө.

Белгилей кетсек, 1918-жылдан 1991-жылга чейин республиканын аймагында ички иштер органдарынын 87 кызматкери, ал эми 1991-жылдан ушул күнгө чейин 63 кызматкер, жалпы 150 кызматкер кызмат учурунда курман болгон.

Бүгүн республика боюнча ИИМдин аймактык бөлүктөрүндө дагы кызматтык учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүүгө арналган иш-чаралар туугандарынын катышуусунда өтүп, маркум милиция кызматкерлердин мемориалдарына гүл чамбарлар коюлууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>